Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 21-22-ноябрда Францияга жасаган сапарында Airbus менен жаңы келишимге кол койгон. Өзбекстан он жыл аралыгында 12 жаңы учак сатып алууну пландоодо.
Буга чейин Uzbekistan Airways аба кемелер паркын унификациялоонун алкагында лизинг берүүчүлөргө бир нече Boeing учактарын кайтарып, Airbus учактарын алууну көздөп жатканы айтылган. Анда сатыкка 1999-2013-жылы чыккан 17 Boeing жана Ил учактары сатыкка коюлган.