Ссылки доступа

Тажикстандын бийлиги ооган качкындарын депортациялоонун себебин түшүндүрдү


Ооган качкындары. Архив сүрөт

Ооганстандык качкындар жергиликтүү мыйзамдарды бузганы үчүн Тажикстандан депортацияланды. Бул тууралуу тажик өкмөтү БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине жолдогон баяндамада айтылат. Буга чейин ооган качкындары мекенине күч менен чыгарылып жатканына даттанышкан.

Өкмөттүн баяндамасы БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине быйыл ноябрда жөнөтүлгөн. Документте ооган качкындарынын жашоого уруксат берилбеген райондор менен шаарларга мыйзамсыз барышы депортациянын бирден бир себеби болгону айтылат.

Ооган качкындарынын басымдуу бөлүгү Душанбеден 30 чакырым алыстыкта жайгашкан Вахдат шаарында отурукташкан. Алардын көбү легалдуу жашап жатканын жана БУУнун Качкындар иштери боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгы берген күбөлүктөрү бар экенин айтып келишкен.

Эл аралык уюмдар тажик бийлигин мекенинде коркунуч күтүп турганына карабастан ооган качкындарын депортациялап жатканы үчүн сынга алышкан. Акыркы жылы эле Тажикстандын бийлиги 74 ооган качкынын өлкөдөн чыгарса, августтан бери он киши депортацияланды.

Тажикстандагы ооган качкындары 5-сентябрда тажик президенти Эмомали Рахмонго кат жазып, күч менен мекенге депортациялоо жараянын токтотууну өтүнүшкөн.

БУУнун тиешелүү бөлүмүнүн маалыматына ылайык, 2022-жылдын жай айларына карата Тажикстанда ооганстандык 8500 качкын жана башпаанек издеген жарандар катталган. Алардын 5700ү былтыр августта ооган бийлигин талибдер басып алгандан кийин келген.

Ооганстандыктардын көбү Тажикстанды транзит катары пайдаланып, андан ары Канадага же Европадагы башка мамлекеттерге чыгып кетүүнү каалашат. Соңку бир жылда Тажикстанга келген 4 миңдей ооган качкыны үчүнчү өлкөлөргө жөнөтүлгөн.

Видео

XS
SM
MD
LG