Ссылки доступа

Токаев Өзбекстанга эки күндүк сапар менен барат


Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 21-22-декабрда Шавкат Мирзиёевдин чакыруусу менен Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен барат.

Өзбекстан президентинин басма сөз кызматы кабарлагандай, жогорку деңгээлдеги сүйлөшүү учурунда эки тараптуу актуалдуу маселелер талкууланат деп күтүлүүдө. Мындан тышкары мамлекет башчыларынын катышуусунда бир катар биргелешкен ири инвестициялык долбоорлорго старт берилет.

Ошол эле маалда жолугушууларда Орусия, Казакстан жана Өзбекстан катышкан "газ биримдигин" түзүү жөнүндө маселе талкууланары айтылган жок.

Владимир Путин Орусия, Казакстан жана Өзбекстандын ортосунда "үч тараптуу газ биримдигин" түзүү ниетин өткөн айдын аягында Москвада Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолукканда билдирген.

Өткөн аптада Казакстандын энергетика министри Болат Акчулаков өлкө Орусия жана Өзбекстан менен газ маселесинде тыгыз кызматташ экенин, бирок ортодо "газ биримдигин" түзүү маселеси талкууланбаганын билдирген.

Өзбекстан Орусия менен газ жеткирүү боюнча коммерциялык келишимдерге кол коюуга даяр экенин, бирок Москва сунуштаган бирикмеге кирбей турганын өлкөнүн энергетика министри Журабек Мирзамахмудов айткан.

Видео

XS
SM
MD
LG