Ссылки доступа

Хожентте абьюзерлерге жардам көрсөткөн борбор түзүлдү


Согд облусунун административдик борбору Хожент шаарында үй-бүлөлүк абьюзерлерди жазалоонун ордуна аларды кадыресе жашоого үйрөткөн борбор түзүлдү.

Үй-бүлө иштерине жооптуу мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин жана эксперттердин айтымында, бул борборду түзүүгө үй-бүлөлүк зомбулуктун көбөйгөнү себеп болду. Мындай борборлордо үй-бүлө мүчөсүн кордогондорго психологдор менен юристтер жан дүйнө кризисинен чыгууга жардам беришет.

"Бул алдыңкы өлкөлөрдүн тажрыйбасы. Үй-бүлөлүк зомбулук учурунда мамлекет абьюзерди камакка алат же айып пулга жыгат, болбосо атайын программа менен окутат. Өзүн-өзү кармай албай калган кишилердин көбү окуп, бул программадан өткөндөн кийин үй-бүлөлөрүнө психологиялык жактан саламаттыгы чың болуп кайтат", - деди психолог Мухаррам Рахимова.

Борбор ЕККУнун жардам менен түзүлгөн. Бийлик абьюзерлер айып пулга жыгылып же башка жаза алып чыккандан кийин курмандыктарына андан да катаал жаза колдонуп келгенин, андыктан аларды мындай борбордо тарбиялоо алда канча натыйжалуу болорун билдирет.

Тажикстанда жыл сайын жүздөгөн аял үй-бүлөлүк зомбулукка кабылат. Хожентте бир нече жыл мурун ур-токмокко кабылган кыз-келиндер үчүн кризистик борбор түзүлгөн.

Видео

XS
SM
MD
LG