Ссылки доступа

Өзбекстандын саламаттык сактоо тармагында 2023-жыл коррупцияга каршы күрөшүү жылы деп жарыяланды


Өзбекстандын жаңы дайындалган саламаттык сактоо министри Амрилло Иноятов 2023-жылды саламаттык сактоо тармагындагы жемкорлукка каршы күрөшүү жылы деп жарыялады.

"Саламаттык сактоо тармагында жемкорлук кеңири жайылган багыттар бар. Биринчи кезекте ошолордон башташыбыз керек. Алар жумушка кабыл алуу, төрөт үйлөрүндө медиктерге сүйүнчү берүү, кесарево кылгандарга ыраазычылык билдирүү экенин баары билет. Тилекке каршы, мындай иштерге барган айрым дарыгерлер жалпы системага көлөкө түшүрүп жатат", – деди Иноятов министрликтин 4-январда өткөн коллегиялык жыйынында.

Министр коррупцияга каршы күрөшүү үчүн атайын ишеним телефондору уюштурулганын кошумчалады. "Ишеним телефону катары өзүмдүн жеке номурумду да жазып калтырам", – деди Иноятов.

Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги 2020-жылды да бул тармактагы жемкорлукка каршы күрөшүү жылы деп жарыялаган.

Ага чейин өлкөнүн башкы прокурору Нигматилла Юлдашев Саламаттык сактоо министрлигин сынга алып, бул тармактын жумушка кабыл алуу, кызмат көрсөтүү, дары-дармек менен камсыз кылуу жана каржы-чарбалык ишмердүүлүгү сыяктуу бардык багыттарында коррупция бар экенин айткан.

XS
SM
MD
LG