Ссылки доступа

Январь окуясынын бир жылдыгында активисттер кармалды


"АктивистыНеЭкстремисты" тобунун маалыматына караганда, 5-январда Алматыда полициячылар Бибигүл Жоламанованы кармап кетишкен. Мындан тышкары шаарда активист Айдар Мүбараков да кармалган.

Полициячылар активист Сагат Күлжахановду атайын кызматтын тергөө абагында отурган уулуна керектүү нерселерди алып баруу үчүн үйүнөн чыккан кезде кармашкан. Журналист, ND-Youtube каналынын автору Думан Мухаммедкеримди да полиция кармап, кийин бошоткону кабарланды.

Полиция бул маалыматтар боюнча комментарий берген жок.

5-январда Актау шаарында полиция кызматкерлери укук коргоочу Улболсын Турдиеванын үйүнө келишип, административдик иш боюнча сотко барууну талап кылышкан. Ал полициячылар келген учурду видеого түшүрүп, Фейсбуктагы баракчасына жүктөгөн.

"АктивистыНеЭкстремисты" маалымдагандай, Чымкентте полициячылар Январь окуясынан кийин соттолгон жарандык активист Жанмурат Аштаевдин үйүнө келишип, аялы Мөлдүр Нурманова менен сүйлөшүшкөн. Жарандык активист Гүлжан Муратбаеванын апасынын үйүнө да полиция барганы кабарланды. Чымкент шаардык полиция департаменти бул маалыматтарга байланыштуу билдирүү тараткан жок.

5-январь күнү эртең менен Алматыда полиция каттоодон өтпөгөн “Демпартиянын” өкүлдөрү Гүлнар Мирмамбетов, Аружан Дүйсебаева жана Абзал Достияровду кармаган.

Казакстанда суюлтулган газдын кескин кымбатташына байланыштуу тынчтык митингдери былтыр 2-январда башталып, кийин өлкөнүн башка аймактарына жайылган. Башаламандык талап-тоноо менен коштолгон. Тополоңдо расмий маалыматтарга ылайык кеминде 238 киши каза тапкан.

Январь окуяларына байланыштуу жалпы 10 миңдей адам кармалганы айтылган жана көпчүлүгү кийин бошотулган.

XS
SM
MD
LG