Ссылки доступа

Душанбе: тажик жарандары Казакстандагы Январь окуяларына катышкан эмес


Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) өлкө жарандарынын 2022-жылы январда Казакстанда болгон окуяларга тиешеси бар экенин четке какты. 5-январда Казакстандын Башкы прокурору былтыр жыл башындагы башаламандыктарга чет өлкөлүк жарандар, анын ичинде тажикстандыктар катышканын айткан.

Тажикстан ТИМинин маалымат кызматы 6-январда өлкө жарандары 2022-жылы январда Казакстанда болгон жапырт башаламандыкка катышпаганын жазды.

"Тажикстан былтыр болгон окуяларга тажик жарандарынын катышканы боюнча Казакстандын расмий каналдары аркылуу маалымат алган жок", - деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Тажикстан ТИМи мындай жаңылыктар чыккандан кийин тажик элчилиги Казакстандын тиешелүү түзүмдөрүнө кайрылганын жана бул фактылар такталбаганын белгиледи.

5-январда Казакстандын башкы прокурору Берик Асылов парламентте сүйлөп жатып, былтыркы Январь окуяларына катышкан чет өлкөлүктөрдүн арасында өзбек, орус, кыргыз жана тажик жарандары болгонун айткан.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Казакстандын башкы прокурору Берик Асыловдун Январь окуяларына кыргызстандык жарандар дагы катышканы тууралуу айтканын ошол замат четке каккан. Билдирүүдө бир дагы кыргызстандык былтыркы кандуу окуяларга аралашпаганы белгиленген.

Казакстанда суюлтулган газдын кескин кымбатташына байланыштуу тынчтык митингдери былтыр 2-январда башталып, кийин өлкөнүн башка аймактарына жайылган. Башаламандык талап-тоноо менен коштолгон. Тополоңдо расмий маалыматтарга ылайык кеминде 238 киши каза тапкан.

Январь окуяларына байланыштуу жалпы 10 миңдей адам кармалганы айтылган жана көпчүлүгү кийин бошотулган.

XS
SM
MD
LG