Ссылки доступа

Өзбекстанда "Док-1 Макс" дарысын ичкен балдардын өлүмүнө байланыштуу төрт киши кармалды


Өзбекстанда "Док-1 Макс" дарысын ичкенден кийин чарчап калган 19 баланын өлүмүнө байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында төрт киши камакка алынды. Бул тууралуу өлкөнүн Мамлекеттик коопсуздук кызматы 6-декабрда кабарлады.

Маалыматка караганда, кармалгандардын экөө Дары-дармектерди стандартташтыруу боюнча илимий борбордун жооптуу кызматкерлери. Алар "Док-1 Макс" дарысын лабораториялык текшерүүдөн өткөрүүдө талаптарды одоно бузган деп шектелүүдө. Камакка алынган дагы эки айыпталуучу сиропту Өзбекстанга импорттогон Quramax Mediсal компаниясынын кызматкерлери экени кабарланды.

Өзбекстанда өткөн жылдын декабрь айында "Док-1 Макс" дарысын ичкенден кийин саламаттыгы начарлаган 22 баланын 19у чарчап калган. Анда өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги аталган дарыдан уулуу этиленгликоль заты табылганын маалымдаган. Бул окуядан кийин "Док-1 Макс" таблеткалары менен сироптору Өзбекстандын бардык дарыканаларынан алынып, Улуттук коопсуздук кызматы тергөө ишин баштаган.

Индиялык Marion Biotech компаниясы чыгарган бул дары курч респиратордук вирустук инфекцияларды жана сасык тумоону дарылоо үчүн сунушталат. Өзбекстандагы балдардын өлүмүнөн кийин компания "Док-1 Макс" дарысын чыгарууну токтоткон.

2022-жылдын 23-декабрында Кыргызстанда да "Док-1 Макс" дарысын сатууга тыюу салынып, анын үлгүлөрү текшерүү үчүн лабораторияга жөнөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG