Тажикстандыктардын көбү талкаланган шаарда былтыр күздөн бери иштеп жатышат.
Тажик мигранттарынын бири Сафарали убада кылынган маянаны 300дөй киши албай калганын билдирди.
“Иш берүүчү бизге айына 120 миң рублдан төлөп берерин айткан. Биринчи айларда убада кылынган сумманын жарымынан азын гана төлөп беришти”, - деди ал.
Орус аскерлери Мариуполь шаарын былтыр майда басып алышкан. Украина бийлиги шаарда имараттардын 95% талкаланганын маалымдаган. Ушул тапта орус бийлиги калааны эмгек мигранттарынын жардамы менен калыбына келтирүүгө аракет жасоодо.
Душанбе өз жарандарын Украинанын кооптуу аймактарына баруудан оолак болууга чакырган. Киев мигранттар Мариуполдо уруксатсыз иштеп жатышканын, эгер туткунга түшүшсө, украин жана эл аралык мыйзамдардын негизинде жазаланарын эскерткен.
Орус компаниялары Украинанын аннексияланган аймактарында, анын ичинде Орусиянын Белгород облусунда окопторду казуу жана башка аскердик объектилердин курулушу үчүн жапырт түрдө жумушчуларды, өзгөчө борбор азиялыктарды жалдап жатканы айтылган.
Былтыр декабрда казакстандыктар менен кыргызстандыктар Мариуполду калыбына келтирүү иштерине чакырган жарыяларды ала башташканы белгилүү болгон.