Нью-Йоркто жайгашкан укук коргоо уюму өз билдирүүсүндө сот системасы бийликти сындаган, анын ичинде зордук-зомбулукка кабылгандардын укуктарын коргогон активисттин ишмердүүлүгүн манипуляциялоо жана көзөмөлдөө куралы болбошу керектигин баса белгиледи.
"Бийликтин Смаиловага каршы жигердүү аракеттери кылмыштуулуктун тамырын үзүү аракетине караганда, анын уюмунун мыйзамдуу ишмердүүлүгүн жаманатты кылуу аракетине көбүрөөк окшош", - деп айтылат HRW билдирүүсүндө.
Былтыр декабарда Казакстандын Ички иштер министрлиги "НеМолчиKZ" фондунун негиздөөчүсү Динара Смаиловага (Дина Тансари) издөө жарыялаган.
Смаиловага алдамчылык шеги менен кылмыш иши козголгону кабарланган.
Дина Смаилова 2021-жылдан бери үй-бүлөсү менен чет өлкөдө жашайт.
Айрым маалыматтарга караганда, Смаилова азыр Европа мамлекеттеринин биринде саясий башпаанек берүү чечимин күтүп жатат.
Дина Смаилова – аялдардын, анын ичинде зордук-зомбулукка кабылгандардын укуктарын коргогон #NeMolchi.kz фондунун жетекчиси.