Бийлик Душанбенин көчөлөрүнө жана кире бериштерине коюла турган радарлар жол эрежесин бузуунун 19 түрүн каттап, бардык маалыматтарды бирдиктүү маалыматтар базасына жөнөтүп турарын билдирүүдө.
"Азия-Плюс" агенттиги Мамлекеттик автоинспекциянын (МАИ) Душанбе шаардык бөлүмүнө шилтеме кылып, шаардын көчөлөрүнө жалпысынан 6 миң автоматтык радар орнотуларын кабарлады. "Мындай кадамдар борбор шаардагы жол коопсуздугун камсыз кылуу, МАИ кызматкерлеринин санын азайтуу жана жолдогу кырдаалга адам факторунун таасирин азайтуу максатында жасалууда", – деп жазды агенттик.
Эки жума мурда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон МАИнин жеке курамын 30% кыскартуу тууралуу жарлыкка кол койгон.
Бүгүнкү күндө Тажикстандын Душанбе жана Хорог шаарларында автоматташтырылган "Коопсуз шаар" системасы иштеп жатат. Алар жол эрежесин бузуу учурларын каттап, маалыматтарды МАИ башкармалыгына жөнөтүп турат.
МАИнин өкүлү белгилегендей, орнотулуп жаткан автоматтык радарлардын "Коопсуз шаар" долбооруна тиешеси жок. Ал "Акылдуу шаар" системасы деп аталат.
Тажикстанда жол кырсыктарынын негизги себептери катары белгиленген ылдамдык чегинин сакталбаганы жана жол эрежелеринин одоно бузулушу эсептелинет. Расмий маалыматтар боюнча, өлкөдө орточо эсеп менен күн сайын жол кырсыктарынан үч адам каза болот.