Ссылки доступа

Өзбекстанда зыяратчылардын мекенине кайтып келе албай калышына байланыштуу авиакомпания кызматкери камакка алынды

Өзбекстанда ажылык сапар үчүн Сауд Арабиясына каттамдарды уюштуруу менен алектенген жеке Panorama airways авиакомпаниясынын кызмат адамы камакка алынды. Бул тууралуу 7-февралда өлкөнүн Башкы прокуратурасы кабарлады.

Маалыматка караганда, компания кичи ажылыкка (умра) барган зыяратчыларды кайра Өзбекстанга алып келе алган эмес. 3 миңден ашык зыяратчы бир нече күн мурда гана үйлөрүнө кайтып келишкен.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, учурда авиакомпаниянын кызмат адамдарына карата Транспорттук прокуратура козгогон кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланууда. Алар "Сауд Арабиясына умрага кеткен мекендештерди кайра алып келүү боюнча чара көргөн эмес" жана "башка бир нече олуттуу мыйзамдарды бузган" деп айыпталууда.

Кылмыш ишинин алкагында авиакомпания өкүлдөрүнүн бирине камакка алуу бөгөт чарасы белгиленди. "Чындыкты аныктоого тоскоолдук кылбоо үчүн иштин чоо-жайы боюнча маалымат берилбейт", – деп жазылган Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө.

Буга чейин Өзбекстандын Туризм боюнча мамлекеттик комитети Panorama Airways авиакомпаниясынын каттамдары кармалып жатканына байланыштуу, өзбекстандык зыяратчылар Сауд Арабиясынан кайтып келе албай жатканын кабарлаган. Мекеменин билдирүүсүндө соттун чечими менен зыяратчылардын баарына материалдык жана моралдык чыгым үчүн кенемте төлөнүп берилери жазылган.

Дүйшөмбү күнү авиакомпания 2-февралдан 4-февралга чейин 3 миңден ашык жүргүнчү үйлөрүнө кайтып келгенин билдирген. Ага чейин кичи ажылыкка барган өзбекстандык зыяратчылар бир жумадан бери мекенине кете албай жатканы кабарланган.

​
XS
SM
MD
LG