Мындан тышкары өкүлдөр Кыргызстандын бийлик өкүлдөрү жана жарандык коом менен жолугушат.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, 14-февралда Бишкекте Евробиримдик жана Борбор Азиянын атайын өкүлдөрүнүн Ооганстан боюнча жолугушуусу өтөт.
Мунун алдында, 12-февралда Хьюман Райтс Уотч уюму жарыяланган жаңы баяндамасында Ооганстанга берилип келген чет элдик жардамдын кескин азайышы өлкөнүн саламаттыкты сактоо системасына катуу залака тийгизгенин, “чала тамактангандар, медициналык жардамдын жетишсиздигинен келип чыккан оорулар” көбөйгөнүн билдирген.
2021-жылдын августунда Ооганстандагы бийликти кайрадан талиптер басып алгандан кийин тышкы жардам дээрлик бир күндө токтогон, анын артынан миллиондогон адам жакырчылыкка жана ачарчылыкка батты. “Талибан” өкмөтүнө каршы санкциялар киргизилип, банк которуулары токтогондо Ооганстан дүйнөлүк финансылык институттардан жана сырттан келген акчадан ажырап калган.