Ссылки доступа

Казакстанда камактагы каракалпак активисти Акылбек Муратовго башкалка издеген адам күбөлүгү берилди


Казакстандагы каракалпак диаспорасынын лидери, Алматыда камакта отурган Акылбек Муратовго башкалка издеген адам күбөлүгү берилди. Бул тууралуу "Азаттыктын" казак кызматы активисттин адвокатына шилтеме кылып кабарлады.

Адвокаттын айтымында, Акылбек Муратовго Казакстанда башкалка издеген адам күбөлүгүн берүү чечимин Алматынын Иш менен камсыз кылуу жана социалдык программаларды координациялоо башкармалыгы 23-февралда кабыл алган.

"Күбөлүк 2024-жылдын 23-майына чейин жарактуу. Бирок зарыл болгон учурда аны дагы үч айга узартууга мүмкүн. Казакстандын мыйзамдарына ылайык, мындай макамы бар адамдарды башка өлкөлөргө экстрадиция кылууга болбойт. Бул документтин негизинде Муратовго качкын макамы берилиши ыктымал. Муну прокуратуранын, Улуттук коопсуздук комитетинин жана башка тиешелүү органдардын кызматкерлеринен турган комиссия чечет", – деди адвокат.

Акылбек Муратов быйыл 16-февралда Алматыда кармалган. Анда шаардык полиция департаменти ал Өзбекстан Ички иштер министрлигинин издөөсүндө экенин, учурда аны мекенине экстрадциялоо маселеси каралып жатканын билдирген. 17-февралда сот активистти 40 суткага камакка алуу чечимин чыгарган.

Акылбек Муратов Өзбекстанда Кылмыш-жаза кодексинин "Жапырт башаламандыкка, жарандарга зомбулук көрсөтүүгө ачык чакырык жасоо" жана "Коомдук коопсуздукка коркунуч келтирген материалдарды даярдоо, сактоо, таратуу" беренелери боюнча шектелип жатканы кабарланган.

Адвокаттын айтымында, өзбек бийлиги активисттин 2022-жылы июлда Нукуста болгон окуялардын 500 күндүгүн эскерүү акциясына катышканын "жапырт башаламандыкка, жарандарга зомбулук көрсөтүүгө ачык чакырык жасоо" деп тапкан. 2023-жылы 13-ноябрда каракалпак активисттери 16 жылга соттолгон каракалпакстандык укук коргоочу Даулетмурат Тажимуратовдун урматына элди жарыкты 16 мүнөткө өчүрүүгө чакырышкан.

Муратовго "Коомдук коопсуздукка коркунуч келтирген материалдарды даярдоо, сактоо, таратуу" беренеси боюнча айып тагууга анын каракалпак активисти Кошкарбай Төремуратовдун ЕККУнун конференциясында сүйлөгөн сөзүн бөлүшкөнү себеп болгон.

Акылбек Муратов Өзбекстандын жараны, 10 жылдан ашык убакыттан бери Казакстанда жашайт. Ал бул өлкөдөгү каракалпак диаспорасынын лидерлеринин бири болуп эсептелет.

Өзбекстанда 2022-жылы Конституцияны өзгөртүү демилгеси көтөрүлүп, Каракалпакстан автоном республикасында нааразылык чыккан. 1-2-июлдагы борбор калаа Нукустагы митингдер күч менен басылганда кан төгүлгөн. Өзбек бийлиги 21 адам каза тапканын, 243 адам жараат алганын кабарлаган. 500дөн ашуун адам кармалган. Президент Шавкат Мирзиёев Каракалпакстанга барып, Баш мыйзамдагы бул республикага таандык мурдагы беренелер өзгөртүүсүз калтырыларын айткан. Каракалпакстан окуялары боюнча соттук териштирүүлөр дале уланууда.

XS
SM
MD
LG