Маалыматка караганда, программанын алкагында илимий изилдөөлөр менен мониторингдер жүргүзүлүп, мыйзамсыз аңчылыкка каршы күрөшүү, ак илбирстин тамактануу базасын жакшыртуу, анын үй жандыктары менен малга кол салуу тобокелдигинин алдын алуу иштери жасалат.
"Тажикстандын Кызыл китебиндеги 2017-жылдагы маалыматка ылайык, өлкөнүн аймагында 250-350 ак илбирс байырлаган. Ак илбирстин жайылуу аймагы жана саны тууралуу жаңы маалыматтар Тажикстанда 500дөн кем эмес ак илбирс бар экенин көрсөтүүдө", – деди Тажикстан илимдер академиясынын вице-президенти Абдусаттор Саидов.
Анын айтымында, өлкөдөгү ак илбирстин көбү (70%) Тоолуу Бадахшан автоном облусунун аймагында байырлайт.
22-февралда аталган аймакта ак илбирс жергиликтүү тургундун сарайына кирип, 18 баш коюн жеп кеткени кабарланган.
Адистердин айтымында, ак илбирстер адатта адамдар жашаган аймактарга өтө сейрек түшөт. Көбүнчө буга алардын бийик тоолордо тамак-аш таппай калышы себеп болот.