Ссылки доступа

Тажикстанда адам уурдоого айыпталган ИИМдин подполковниги үчүн 20 жылдык жаза суралды


Акмал Юсуфзода менен Исмоил Рахмонов
Акмал Юсуфзода менен Исмоил Рахмонов

Тажикстанда прокурор Ички иштер министрлигинин (ИИМ) подполковниги Акмал Юсуфзода үчүн соттон 20 жылга эркинен ажыратуу жазасын сурады.

ИИМдин мурдагы кызматкери Коммерциялык институттун окутуучусу Исмоил Рахмоновду уурдоого жана аны өлтүрүүгө айыпталып жатат.

Прокурордун айтымында, окутуучунун өлүмүнө кызганыч себеп болгон: Акмал Юсуфзода аялы менен Исмоил Рахмоновдун "Фейсбуктагы" жазышууларын көрүп калган. Анын аялы Коммерциялык институтта англис тилинен сабак берип, Рахмоновдун кесиптеши болгон.

Бирок окутуучунун жакындары анын Юсуфзоданын аялы менен жумуштан башка эч кандай байланышы болбогонун билдирип жатышат.

Тергөөнүн маалыматына ылайык, Акмал Юсуфзода 2023-жылы июнь айында шериги Исмоилжон Шүкүров менен бирге Исмоил Рахмоновдон өч алуу үчүн аны автоунаага салып барып, колу-бутун байлап, дарыяга ыргытып жиберген. Бирок бүгүнкү күнгө чейин окутуучунун сөөгү табыла элек.

Прокурор соттон Юсуфзоданын өзүн 20 жылга, шериги Шүкүровду 12 жылга эркинен ажыратууну өтүндү. Ушул жумада айыпталуучулар акыркы сөздөрүн айтып, сот өкүм чыгарат деп күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG