Тергөөнүн маалыматына караганда, Салихов Элдик фронттун мурдагы башчысы – Кожо-командирдин жансакчысы болгон. Ал 1992-жылы күзүндө 10 жоочу менен бирге Хуросон районундагы бир үй-бүлөнүн 22 мүчөсүн өлтүрүүгө катышкан.
Сот процессинин катышуучуларынын бири билдиргендей, Салихов акыркы сөзүндө өзүн күнөөлүү деп эсептебей турганын, анткени ал окуя болгон жерде жүргөнү менен эч кимди өлтүрбөгөнүн айткан. Ошол эле маалда жабырлануучу тарап сот өкүмүн жеңил деп эсептеп, аны кайрадан кароону талап кылган.
23-февралда чыккан Бохтар шаардык сотунун өкүмүнө ылайык, Юсуф Салихов 12 жылдык жаза мөөнөтүн катаал режимдеги абакта өтөйт.
"Озоди" радиосу өз булактарына таянып кабарлагандай, Салихов "Эки же андан көп адамды өлтүрүү" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылды. Сотто прокурор аны 15 жылга эркинен ажыратууну өтүнгөн.
Салихов 2023-жылы июлда Тажикстандын өтүнүчү менен Орусияда кармалып, Душанбеге экстрадицияланган. Андан бери тажик бийлиги бул иш боюнча эч кандай маалымат берген эмес.