Окуу жайдын басма сөз кызматы кабарлагандай, окуя таң эрте болгон. Жатаканада ооруп жаткан 2-курстун студентинин дене табы тездик менен көтөрүлүп кеткен. Бөлмөлөшүнүн айтымында, жигит парацетамол ичкен, бирок температурасы түшкөн эмес. Ал облустук инфекциялык ооруканага жеткирилип, бирок медициналык жардам көрсөтүлгөнүнө карабай каза болгон.
Дарыгерлердин алдын ала диагнозу боюнча өлүмгө өпкөнүн эки тараптуу курч пневмониясы себеп болгон. Маркум жакшы окуган жана эч ким менен урушкан эмес. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.