Бул тууралуу 3-мартта өзбекстандык Telegram каналдар билдиришти.
Мамлекеттик активдерди башкаруу агенттиги завод канчага сатылганын ачыктаган жок.
Мунайды кайра иштетүүчү кытай заводу 2016-жылы ишке берилип, Мамлекеттик активдерди башкаруу агенттиги аны 2022-жылы сатыкка койгон.
Данияр Камиловго таандык Petroleum Technology Group компаниясы мурдараак UNG май куюучу станциялар тармагын да сатып алган болчу.
Данияр Камиловдун атасы, Өзбекстандын мурдагы тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов Украинада согуш башталгандан бир нече аптадан кийин "Өзбекстан Украинанын аймактык бүтүндүгүн колдойт" деген билдирүү жасаган соң кызматтан алынган.
Кийинчерээк Абдулазиз Камилов мамлекет башчынын тышкы саясат маселелери боюнча атайын өкүлү болуп дайындалган.