Тажик Википедиясынын алгачкы негиздөөчүлөрүнүн жана редакторлорунун бири, тажик окумуштуусу Иброхим Рустамов мааракеге катыша алган жок.
"Азаттык" радиосунун "Мигрант медиа" долбоору Иброхим Рустамовду Мичигандан таап, аны менен баарлашкан.
Анын айтымында, тажик Википедиясы тез өнүгө баштаган учурда айрым коркунучтардан улам 2015-жылы Тажикстандан чыгып, окуусун улантуу үчүн АКШга учуп кеткен. Ал жети жыл докторантурада окуп, 2022-жылы докторлук диссертациясын жактаган.
"ЖМКларда Википедиядагы тажик тилиндеги тексттерде орфография жана грамматика эрежелери сакталбаганы, ошондуктан бул үчүн кимдир бирөө жооп бериши керектиги тууралуу макалалар байма-бай чыгып турат. Бул мамлекеттик органдарда иштеген айрым чиновниктердин көз карашы, алар Википедияны ушинтип айыпташат", - деди ал.
Рустамов тажик Википедиясынын өнүгүшүнө азын-оолак эле салым кошконун белгилейт:
"Википедия бир адамдын же уюмдун эмгеги эмес. Wikipedia - бул жалпы аракеттин натыйжасы. Wikipedia Creative Commons лицензиясына ээ. Башкача айтканда, автордук укук жок, Википедиянын негиздөөчүсү бир адам деп айта албайбыз. Мен алардын биримин".
Рустамов башка өлкөдөгүлөр да тажикче Википедияны жакшыртууга көмөктөшөрүн, алар тажик тилин түшүнбөсө да, технологияны жакшы билишерин айтат.
"Википедияда бар шаблондорду колдонуу менен алар Wikipediaдагы башка барактарга шилтеме жасап, бизге жардам беришет. Бүгүнкү күндө Википедиянын тажик версиясында макалалардын саны 100 миңден ашат. Бирок Википедиянын англисче же орусча, же фарс тилиндеги версиясына жетүүгө али көп бар", - деди ал.
Тажик Википедиясынын азыркы авторлору көйгөйлөрдөн кабардар. Алар энциклопедияны жакшыртуу үчүн аракеттер көрүлүп жатканын айтышат.