Маалыматка караганда, 44 жаштагы шахтер атайын жабдууларды монтаждап жатканда алган оор жаракатынан улам көз жумган.
Компания окуяны "кырсык" деп мүнөздөдү. Алдын ала маалыматтар боюнча, иш учурунда жабдууларды бекитүүчү болт сынып кеткен.
Кырсыкты иликтөө комиссиясы окуянын себептерин жана жагдайларын аныктоого киришти.
Былтыр 28-октябрда "Костенко" шахтасындагы жарылууда 46 жумушчу каза болгон. Ал окуядан кийин Касым-Жомарт Токаев кенди иштеткен "АрселорМитталТемиртау" компаниясы менен инвестициялык кызматташууну токтотууну тапшырган. Кендеги кырсыктан көп өтпөй "АрселорМиттал Темиртау" компаниясы ээлерин алмашып, ишкана Qarmet деп аталып калган. Ишкананын инвестору – Qazaqstan Steel Group компаниясы. Анын негиздөөчүсү Андрей Лаврентьев Forbes Kazakhstan журналынын версиясы боюнча Казакстандагы эң таасирдүү 50 бизнесмендин катарына кирет.