Булактын айтымында, прокурор 14 айыпталуучунун төртөө үчүн өмүр бою эркинен ажыратуу, калгандарына үч жылдан 14 жылга чейин абакка кесүү жазаларын сурады.
Белгилүү банкир Шухрат Исматуллоевдин өлүмү боюнча январда башталган сот отурумдары тергөө абагынын имаратында жабык өтүүдө. "Озоди" радиосунун Жогорку соттогу булагы айыпталуучуларга карата өкүм жакынкы убактарда чыгарын билдирди.
Бул иште негизги айыпталуучу катары өтүп жаткан Дилшод Саидмуродов кезинде Ички иштер министрлигинин Кылмыштуу топторго каршы күрөшүү башкармалыгында жана Башкы прокуратуранын Киберкылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүндө иштеген.
Былтыр 23-июнда кылмыштуу топ банкир Шухрат Исматуллоевди уурдап кетип, аны өлгүчө кыйнап, андан соң сууга ыргытып жиберген. Анын сөөгү дээрлик эки айдан кийин Зарафшон дарыясынан табылган.