Ссылки доступа

Өзбек дыйкандары мамлекетке келишимде көрсөтүлгөндөн көп буудай төгүүгө мажбурланууда


Өзбекстанда облус башчылары менен кластерлер дыйкандардан мамлекеттик резервге келишимде көрсөтүлгөндөн 5-10% көбүрөөк буудай тапшырууну талап кылууда.

Өлкө президенти Шавкат Мирзиёев 2021-жылы ноябрда кол койгон жарлыкка ылайык, дыйкандар бир гектар жерден алынган буудайдын 2,5 тоннасын мамлекетке, калганын түз келишимдер менен эркин сата алышмак. Бирок буга карабастан өлкөнүн түрдүү аймактарындагы дыйкандар укук коргоо органдары ашыкча буудайын күч менен мамлекетке алып жатканына даттанууда.

Дыйкандардын айтымында, буга чейинки жылдардагыдай эле быйыл да буудай чаап жүргөн ар бир комбайнга Улуттук гвардия менен Өрт өчүрүү кызматынын бирден өкүлү бекитилди.

Ташкент облусунун Букин районундагы дыйкандар алардан ар бир гектардан кошумча 5 центнерден буудай төгүү талап кылынып жатканын билдиришти.
"Биз кластерге 25 центнерден ашык буудай берип жатабыз. Мындан тышкары акимдин тапшырмасы менен дагы 5 центнерден биржага чыгарууга милдеттендиришти. Июль-август айларында аны биржада сатып, акчасын ошондо беришет. Бирок мында кайра эле дыйкан утулуп калып жатат. Анткени беш тонна буудайды 5 миң сумдан сатса 25 миллион сум (2,2 миң доллар) болот. Бирок каражатты биздин эсепке которгондо 15% кошумча нарк салыгын алышат", – деди дыйкандардын бири.

Аты-жөнүн айткысы келбеген жизактык тургундардын бири Дустлик районундагы "Сангзор Текстиль" кластердик ишканасы да дыйкандарды ар бир гектар үчүн кошумча келишимге кол коюуга мажбурлап жатканын ырастады.

Кашкадарыя облусунун Гузар районунда жашаган дыйкандардын бири укук коргоо кызматкерлери алардын ашыкча буудайын күч менен алып кеткенин билдирди.

Өлкө президенти Шавкат Мирзиёев 11-майдагы жыйында 1-июндан тарта мамлекет дыйкандардан буудайдын тоннасын 3 миллион сумдан (270 доллар) сатып ала баштай турганын айткан. Былтыр мамлекет дыйкандардан бир тонна буудайды 1,5 миллион сумдан (135 доллар) сатып алган.

XS
SM
MD
LG