Ссылки доступа

АӨБ: Быйыл тажик мигранттары Орусиядан жөнөткөн каражат эки эсеге азаят (видео)


Трудовые мигранты будут переводить из России в Таджикистан в два раза меньше денег
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:50 0:00

2022-жылы тажикстандык мигранттар Орусиядан которгон акча доллар менен эсептегенде эки эсеге азаят. Бул тууралуу Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) божомолунда айтылат.

Акча которуулардын азайышынан улам быйыл Душанбеге импорттук товарларды, биринчи кезекте азык-түлүк менен күйүүчү-майлоочу майды сатып алууну 30% кыскартууга туура келет. 2023-жылы импорт дагы 20% кыскарат деп болжолдонууда.

Украинага каршы аскердик агрессиясы үчүн Батыш өлкөлөрү Орусияга киргизген санкциялардын экономикалык кесепети Тажикстанга да терс таасирин тийгизүүдө. Орусияда рублдин куну түшүп, жумушсуздук деңгээли жогорулады. Мындан улам мигранттар айлыгын төмөндөтүүгө макул болууга же мекенине кайтууга аргасыз болууда.

"Агам Орусиядан мурдагыга салыштырмалуу 40% аз акча жөнөтүп калды. Азыр жумушу жакшы болбой жатат. Кошумча документтерди топтоого жана жогорулатылган баада патент төлөөгө да туура келүүдө. Мен Душанбеде иштейм, бирок тапканым эч нерсеге жетпейт. Үй-бүлөдөгү жети кишинин баары агам жөнөткөн акчага жашайт десем болот", – деди Душанбенин Анвар Ахмедов аттуу тургуну.

Бүгүнкү күндө Тажикстан боюнча Орусиядагы туугандары жөнөткөн акчага көз каранды миңдеген үй-бүлө оор каржылык абалга кептелди.

Расмий статистикага ылайык, 2021-жылдын соңуна карата Орусияда миллиондон ашык тажик жараны иштеп жүргөн. Тажикстандын Эмгек, миграция жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин маалыматына караганда, жыл башынан бери 60 миң тажикстандык мигрант мекенине кайтып келди.

2021-жылы Орусиядагы тажик мигранттары мекенине 1 миллиард 800 миллион доллар каражат жөнөткөн. Эгер Азия өнүктүрүү банкынын божомолу туура чыкса, анда 2022-жылы мигранттар болгону 1 миллиард долларга жетпеген акча которушат.

XS
SM
MD
LG