Ссылки доступа

Грекия бир жыныстуу никени мыйзамдаштырган алгачкы православ өлкө болуп калды


Грек парламенти бир жыныстуу адамдарга бүлө куруп, бала асыроого уруксат берген мыйзамды кабыл алды. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Кириакос Мицотакис билдирди.

Грекия бир жыныстуулардын никесин мыйзамдаштырган биринчи православ өлкө болду.

"Добуш берүү аяктады: Грекия бүгүн кечинде никедеги тең укуктуулук боюнча мыйзамды кабыл алган Евробиримдиктеги 16-өлкө болот. Бул адам укуктарынын тарыхый учуру болуп саналат, ал заманбап Грекияны – европалык баалуулуктарды кабыл алган прогрессивдүү жана демократиялык өлкө катары чагылдырат", - деп жазды Мицотакис "Х" баракчасына.

Грек парламенти 300 депутаттан турат. Жыйынга катышкан 245 депутаттын 176сы мыйзам долбооруна добуш берди. Reuters агенттиги белгилегендей, Мицотакистин "Жаңы демократия" партиясынын мүчөлөрү калыс же каршы добуш бергенине карабастан, мыйзам долбоору солчул оппозициядан жетиштүү колдоо тапты.

"Би-Би-Синин" орус кызматы өлкөдө "үстөмдүк кылуучу дин" макамына ээ православ чиркөөсү бир жыныстуу никени мыйзамдаштырууга такыр каршы экенин жазды. Чиркөөнүн башчысы, Афинанын жана бүткүл Грекиянын архиепискобу Иероним II жаңы мыйзам – коомду талкалоого багытталган жаңы реалдуулуктарды таңуулоо аракети деп билдирди.

2015-жылы Грекия бир жыныстуу жубайлардын жарандык өнөктөштүгүнө уруксат берген, ал эми 2017-жылы жарандарга гендердик иденттүүлүгүн таануу жана операциясыз жынысын өзгөртүү укугу берилген.

XS
SM
MD
LG