Бул тууралуу The Wall Street Journal (WSJ) басылмасы аймактын Кыймылсыз мүлк реестриндеги маалыматтарга шилтеме кылып кабарлады.
Билдирүүдө хансарайдын сатып алуучусу жөнүндө эч кандай маалымат жазылган эмес.
Басылманын билдиришинче, Каримова-Тилляева менен күйөөсү аталган үйдү 2013-жылы 32,75 миллион долларга сатып алган. 2011-жылы курулган хансарай Beverly Hills мейманканасынын маңдайында жайгашып, фасады колго кесилген француз акиташынан жасалган. Документтеринде үйдө жети уктоочу бөлмө бар экени көрсөтүлгөн.
WSJ бул хансарай Каримовага таандык кыймылсыз мүлктөрдүн тизмесиндеги эң кымбаты эмес экенин белгиледи. Макалада анын Швейцариядагы хансарайы болжол менен 47 миллион жергиликтүү франкты түзөрү жазылган.
Лола Каримова-Тилляеванын күйөөсү Тимур Тилляев Өзбекстандагы Абу-Сахий ири дүң соода базарына ээлик кылган.
The Black Sea жана Mediapart басылмалары 2017-жылы жарыялаган иликтөөдө Абу Сахий компаниясы оор каржы схемаларын колдонуп, Бириккен Араб Эмираттары менен Швейцариядагы офшордук банк эсептери аркылуу 127 миллион доллар которгону көрсөтүлгөн.
2020-жылы августта басылмалар Лола Каримова-Тилляева АКШдагы эң кымбат райондордун бири эсептелген Голливуд дөңсөөлөрүндөгү үч вилласын сатыкка койгонун кабарлашкан.
Үчөө тең 2014-жылы офшор компаниялар аркылуу 16,1 миллион долларга сатып алынган. 2020-жылы августка карата алардын баасы 18,9 миллион долларга чейин жогорулаган.
Америкалык басылмалардын маалыматы боюнча, Каримова-Тилляева үйлөрдү сатып алган 2014-жылдан 2020-жылдын августуна чейин алардын биринде да жашаган эмес.
44 жаштагы Лола Каримова-Тилляева Өзбекстандын маркум президенти Ислам Каримовдун экинчи кызы. Улуу кызы Гүлнара Каримова Өзбекстанда "Ири өлчөмдөгү коррупция" жана "Акча адалдоо" беренелери боюнча айыпталып, узак мөөнөттөргө эркиндигинен ажыратылган.