Ссылки доступа

Катар чемпионат үчүн объектилерди курууда 500дөй жумушчу өлгөнүн моюнга алды


Катардагы футбол боюнча дүйнөлүк биринчилик үчүн объектилерди куруу учурунда 500дөй курулушчу өлдү. Бул тууралуу чемпионатты уюштурууга катышкан Катардын жогорку аткаминери Хассан аль-Тавади билдирди.

Эмираттын бийлигинин өкүлү даярдык маалындагы курмандыктар тууралуу мындай санды биринчи жолу атап жатат. Мурдараак расмий Доха ондогон гана адам өлгөнүн моюнуна алган эле.

Associated Press агенттиги белгилегендей, Хассан аль-Тавади бул жөнүндө британ журналисти Пирс Морганга интервью берип жатып айтты. Маек алдын ала даярдыксыз, капыл-тапыл өткөндүктөн, аткаминер санды ачык кеп кылып алышы мүмкүн.

Хассан аль-Тавади Катардын 2022-жылкы футбол чемпионатын өткөрүү боюнча Жогорку комитеттин баш катчысы. Маектин үзүндүсүн Морган интернетке жайгаштырып, аль-Тавадиден мигрант-жумушчулар арасында өлгөндөр жөнүндө “чыныгы жана реалдуу” маалыматты берүүнү талап кылган.

Amnesty International мурдараак дүйнөлүк чемпионат үчүн объектилерди куруу маалында 6 миңден 15 миңге чейинки чет элдик жумушчулар каза болгонун билдирген.

Катардын жетекчилиги мындай маалыматтарды таптакыр талкуулабай келген. Тиешелүү комитеттин тизмесинде болсо 2014-жылдан 2021-жылга чейин стадиондорду куруу учурунда өлгөндөр гана келтирилген. Анда киши өлүмүнө алып келген 40 окуянын 37 учурун Доха жумушка байланыштуу эмес деп атаган. Бийлик жумушчулар жүрөгү кармап өлгөн деген маалымат тараткан.

20-ноябрда башталган чемпионаттын алкагындагы оюндар Катардын беш шаарындагы сегиз стадиондо өтүүдө. Катардагы климатка байланыштуу күз-кыш мезгилде уюштурулган чемпионатка 200 миллиард доллар сарпталып, эң кымбат футболдук мелдештердин бири катары тарыхка кирди.

XS
SM
MD
LG