Ссылки доступа

Казакстанда интернетке студент кыздардын жеке маалыматтары тарап кетти (видео)


Казакстанда Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинде окуган кыздардын жеке маалыматтары менен медициналык текшерүүлөрүнүн жыйынтыктары интернетке тарап кетти.

Буга байланыштуу окуу жайдын жетекчилиги кызматтык териштирүү баштап, Алматы шаардык прокуратурасы "Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу" беренеси менен кылмыш ишин козгоду.

В Казахстане в сеть слили данные студенток КазНУ, в том числе информацию о девственности
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:45 0:00

Интернетке жарыяланган таблицада кыздардын аты-жөнү, паспортундагы идентификациялык номурлары, телефон номурлары жана диагноздору жазылган. Мындан тышкары саптардын биринде медициналык текшерүүдөн өткөн студенттердин кимисинде "кыздык белгиси" бар экени көрсөтүлгөн.

Мындай маалыматтардын ачыкка чыгып кетиши Казакстанда коомдук резонанс жаратты. "НеМолчиKZ" фондунун башчысы Дина Смаилова бул көрүнүштү айыптады. "Бул жеке жашоонун сырын олуттуу бузуу болуп эсептелет, эч кимде алардын кыздык белгисин текшерүүгө укугу жок. Анан бул маалыматтарды кимге жөнөтүп жатышат, кыздык белгиси бар студент кыздарга кимдин кандай кызыкчылыгы бар?", – деп жазды ал телеграм-каналына.

Университеттен билдиришкендей, 6-февралда "келишимдин негизинде ЖОЖго медициналык кызматтарды көрсөткөн" медициналык борбордун медайымы студенттердин флюорографиялык текшерүүдөн өтүшүн камсыз кылуу үчүн, WhatsАpp аркылуу Механика-математика факультетинин 3-4-курсунда окуган кыздардын тизмеси жазылган электрондук таблицаны аталган факультеттин деканатындагы адиске жөнөткөн. Медициналык сыр деп эсептелген маалыматтар андан аркы жөнөтүүлөрдүн жыйынтыгында интернетке чыгып кеткен.

Учурда университетте текшерүү жүрүүдө. Санариптик өнүгүү министрлиги тизмедеги кыздарга "күнөөлүүлөрдү административдик жоопкерчиликке тартуу үчүн" арыз менен кайрылууну сунуштады.

Билим берүү министри Саясат Нурбек "маселе көзөмөлгө алынганын" айтып, студенттердин жеке маалыматтарын интернетке чыгарып жибергендер "мыйзам чегинде жазалана турганын" белгиледи.

XS
SM
MD
LG