Ссылки доступа

Шайлоо: саясий партиялардын салмагы


Шайлоо: саясий партиялардын салмагы
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:46:06 0:00

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанда саясий партиялардын парламентке өтүү босого чеги жети пайыз болушу керек экенин ишарат кылды. Мындан тышкары ал партиялык тизме түзүп, депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүдө партия башчыларынын өзүмбилемдигине, “вождизмге” жол бербөө керектигин белгиледи. Президенттин бул айткандары келе жаткан парламенттик шайлоо процессинде колго алынабы, ишке ашары реалдуубу же популисттик чакырык болуп ара жолдо кала береби? Кыргызстандын бийлиги, саясий чөйрө таза, акыйкат шайлоо өлкөнүн келечеги экенин түшүнүп жатабы же дагы эле тар кызыкчылыктардын торундабы? “Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” телепрограммасынын кезектеги чыгарылышында ушул жана башка суроолорго жооп издейбиз. Талкууга – Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алмамбет Шыкмаматов жана Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин доценти Кундуз Базакеева катышты.

XS
SM
MD
LG