Ссылки доступа

Эл аралык миграция уюму: Орусияга каршы санкциялар Борбор Азиядан барган мигранттарга таасирин тийгизүүдө


Орусиядагы эмгек мигранттары
Орусиядагы эмгек мигранттары

Орусияга каршы киргизилген санкциялар бул өлкөгө Борбор Азиядан барган эмгек мигранттарына да таасирин тийгизүүдө. Бул тууралуу Эл аралык миграция уюму кабарлады.

Уюмдун маалыматына караганда, Орусияда Борбор Азия өлкөлөрүнөн барган 4 миллиондой мигрант бар: Кыргызстан – 1 миллион, Тажикстан – 1 миллион, Өзбекстан – 2 миллионго жакын жана Казакстан – 200 миң. Булар өз мекендерине которгон акча Борбор Азиянын ички дүң өнүмүнүн 30% чейинкисин түзөт.

Эл аралык миграция уюму Орусияга каршы киргизилген санкциялар орус экономикасына жана эмгек базарына өтө катуу таасир этиши мүмкүн экенин белгилөөдө. Мында кеп эки миллионго жакын иш ордун жоготуу жана жумушсуздуктун 4,4%дан 7,8%га чейин жогорулашы жөнүндө болушу ыктымал.

"Орусия экономикасынын төмөндөшү ал жакта иштеп жүргөн эмгек мигранттарынын кирешелерине жана алар келген өлкөлөрдүн экономикалык абалына түздөн-түз таасир этет. Азырынча мигранттардын көбү Орусияда калуу каалоосун айтып жатышат. Бирок экономикада абал начарласа, мекенине кайткан адамдар көбөйө берет", – деди Эл аралык миграция уюмунун Венадагы аймактык бөлүмүнүн директору Ренате Хельд.

Уюмдун маалыматына караганда, быйылкы жылдын биринчи кварталында Орусиядан 60 миң тажикстандык жана 133 миң өзбекстандык мигрант өз мекенине кайтып келишкен.

үйнөлүк банктын божомолуна ылайык, быйыл Орусиядан акча которуулардын көлөмү кескин азаят: Казакстанга – 17 пайыз, Өзбекстанга – 21 пайыз, Тажикстанга – 22 пайыз жана Кыргызстанга – 33 пайыз. Бул сандар көптөгөн үй-бүлөлөрдүн жакырлануу ыктымалдыгы жогору экенин көрсөтүүдө", – деп жазылган уюмдун билдирүүсүндө.

Украинадагы согуш Борбор Азия өлкөлөрүнө кандай таасир этип жатат?

XS
SM
MD
LG