Ссылки доступа

Михаил Саакашвили "анорексия" диагнозу менен ооруканага жаткырылды


Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили Тблисидеги "Вивамеди" ооруканасында дарыланат.

Бул жакка мурдагы мамлекет башчыны күчөтүлгөн күзөт жана толук купуялуулук шарты менен бейшемби күнү эртең менен жеткиришкен. Ал Рустави шаарындагы түрдөмдө кызмат абалынан кыянат пайдалануу айыбы менен алты жылдык жазасын өтөп жаткан.

Ооруканада болуп көрбөгөндөй коопсуздук чаралары кабыл алынды: мурдагы президенттин палатасы клиниканын бешинчи кабатында жайгашкан. Бардык терезе караңгылатылган.

Саакашвилинин дарыгелери ал стресстен жана анорексиядан жабыркаганын, бул оору эки жолу ачкачылык кармагандан кийин пайда болгонун айтышты. Белоктун жетишсиздигинен бейтаптын булчуңдары ичкерип, алсыз болуп калган. Буга байланыштуу акыркы жолу сот жараянында Саакашвили майыптардын коляскасында отурган.

Грузияны 2004-2013-жылдары башкарган мурдагы президент былтыр 1-октябрда мекенине кайтып келгенде кармалган. Ал кызматынан кыянаттык менен пайдаланган деген негизде алты жылга сыртынан соттолгон. Саясатчы сот ишинин артында саясий кызыкчылык бар деп эсептейт.

Саакашвили 2007-жылы өкмөткө каршы демонстрацияны күч менен таркатууга буйрук берген, чек арадан мыйзамсыз өткөн деп айыпталууда. Бул дооматтарды да ал четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG