Ссылки доступа

Орусия "Түндүк агым" аркылуу Германияга газ жеткирүүнү токтотту


Орусия дүйшөмбү, 11-июлдан тарта Германияга "Түндүк агым" кууру аркылуу газ жеткирүүнү токтотту.

Бул тууралуу алдын ала эскертилген. Nord Stream AG оператору 21-июлга чейинки пландуу профилактика жөнүндө кеп болуп жатканын билдирди. Германия жана Европа Биримдигине мүчө өлкөлөр Украинадагы согушка байланыштуу тирешүүлөрдөн улам газ жеткирүү кайра жанданбай калуусунан кооптонуп жатат.

Газ кууру жыл сайын профилактика үчүн бир нече күнгө токтотулат. Бирок быйыл ремонтко чейин эле газ жеткирүү эки эсеге кыскарган.

"Газпром" газ жеткирүүнү кескин кыскартууну Канада ремонттолуп жаткан Siemens газ турбиналарын санкцияларга байланыштуу кайтарып бербей жатканы жана компрессордук станцияда мүчүлүштүктөр табылганы менен түшүндүрүүдө. Берлин болсо Орусия энергияны курал катары колдонуп жатат деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG