Ссылки доступа

Токаев Казакстандын борборун кайра Астана деп өзгөртүүнү колдоду


Казакстандын борбор шаарындагы Байтерек мунарасы
Казакстандын борбор шаарындагы Байтерек мунарасы

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Нур-Султан шаарынын аталышын кайрадан Астана деп өзгөртүү тууралуу парламент депутаттарынын демилгесин колдоду. Бул тууралуу Токаевдин басма сөз катчысы Руслан Желдибай "Фейсбук" баракчасына жазды.

"Парламенттеги депутаттар тобу борбор калаага Астана деген мурдагы атын кайтаруу сунушун беришкени белгилүү. Бул демилгени президент билет. Депутаттар эл менен болгон жолугушууларда айтылган сунуштарга, референдумдун жүрүшүндө жарандардын көптөгөн кайрылууларына таянышты. Мажилистин депутаттарынын сунушу мамлекет башчынын макулдугу менен Конституциялык мыйзам долбооруна киргизилди", - деп жазды Руслан Желдибай.

Билдирүүдө Касым-Жомарт Токаев Казакстандын мамлекеттүүлүгүн бекемдеп, борбордун пайдубалын түптөөдө өлкөнүн биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин салымы чоң экенин айтканы жазылган. Ушундан улам биринчи президенттин ысымы ыйгарылган башка объектилер өз аталыштарын сактап калышы керектигин билдирген.

Сентябрь айынын башында Мажилистин депутаттарынан түзүлгөн "Жаңы Казакстан" тобу Нур-Султан шаарынын аталышын кайра Астана деп өзгөртүү сунушун беришкен.

Казакстандын борбору Астана шаары 2019-жылы өлкөнүн биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин ысымынан аталып Нур-Султан деп өзгөртүлгөн. Мындай сунушту Касым-Жомарт Токаев президенттик ишине киришип жатканда берген.

Июнь айында Казакстандын бийлиги Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум өткөрүп, анда биринчи президент Нурсултан Назарбаевге байланыштуу бардык беренелер, анын ичинде катары менен эки мөөнөттөн ашык шайланууга болгон укугу алынган.

Талдоочулар Январь окуясынан кийин Нурсултан Назарбаевдин бийликке таасири азайганын айтып келишет. Ал бул башаламандыктардан кийин Коопсуздук кеңешинин төрагалыгынан кеткен. Назарбаевге жакын бир катар аткаминерлер, туугандары кызматтан алынып, айрымдары камалды.

XS
SM
MD
LG