Ссылки доступа

Сомалинин борборундагы жардыруудан кеминде 100 киши өлдү


Могадишо шаарынын борборундагы жардыруу
Могадишо шаарынын борборундагы жардыруу

29-октябрда Сомалинин борбору Могадишодо эки күчтүү жардыруу болду. Жергиликтүү бийлик кеминде 100 адам каза таап, 300дөн ашууну жараат алганын билдирди.

Эки жардыруу тең шаардын ортосунда, Билим берүү министрлигинин жанында, эл көп жүргөн көчөлөрдүн кесилишинде болгон. Алгач жардыруучу зат орнотулган унаа жарылып, окуя болгон жерге полиция жана тез жардам бригадасы келгенде экинчиси жарылган.

2017-жылдын 14-октябрында да дал ушул кесилиште ири теракт уюштурулуп, 500дөй адамдын өмүрү кыйылып, 300дөй киши жаракат алган.

Сомалинин президенти Хассан Шейх Мохамуд окуяны "ырайымсыз, коркок террордук чабуул" деп атады.

Кол салуу үчүн жоопкерчиликти “Аль-Каида” жана "Боко харам" террордук топтору менен байланышы бар “Аль-Шабааб” экстремисттик тобу өзүнө алып, алар мусулман эмес өлкөлөрдөн колдоо алганы үчүн Билим берүү министрлигин бутага алганын билдирди.

"Аль-Шабааб" – "Аль-Каида" жана "Боко Харам" менен байланышы бар радикалдуу жихадчыл топ. Анын жоочулары Сомалинин айыл аймактарынын бир бөлүгүн көзөмөлдөйт. Ал буга чейин бир нече террордук актыларды жасаган: Могадишо жана башка шаарларда мейманканаларды жардырып, карапайым кишилерди сотсуз өлүм жазасына тартып, аскердик базаларга чабуул койгон.

XS
SM
MD
LG