Ссылки доступа

Сардаба суу сактагычынын сыйымдуулугу 30% азаят


2009-2017-жылдар аралыгында курулган Сардаба суу сактагычы расмий басылмаларда президенттин долбоору катары көрсөтүлгөн
2009-2017-жылдар аралыгында курулган Сардаба суу сактагычы расмий басылмаларда президенттин долбоору катары көрсөтүлгөн

Өзбекстан эки жыл мурда кырсык болгон Сардаба суу сактагычындагы суунун көлөмүн дээрлик 30% кыскартууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу Казакстандын экология, геология жана минералдык ресурстар министри Серик Кожаниязов билдирди.

Анын айтымында, 2020-жылдын 1-майындагы кырсыкка чейин Сардабанын долбоордук кубаттуулугу 930 миллион куб метр болсо, өзбек бийлиги аны 600 миллион куб метрге чейин чектөөнү пландап жатат.

"Өзбекстан башынан эле Сардаба суу сактагычынын курулушун казак тарап менен макулдашкан эмес. Бирок андагы кырсыктан кийин казак адистери барып, реконструкциялоо иштери менен таанышып келишкен. Азыр биз тарапка эч кандай коркунуч жок", - деди Кожаниязов.


2021-жылы мартта Өзбекстандын курулуш министри Ботир Зокиров Сардаба суу сактагычын реконструкциялоо долбоору боюнча тендер эл аралык экспертизадан кийин гана жарыялана турганын айткан.

"Тендер ачык-айкын өтөт, андан ким жеңерин убакыт көрсөтөт. Азырынча реконструкциялоо иштери качан башталары да белгисиз. Плотинаны калыбына келтирүү иши узак убакытты талап кылгандыктан, шашууга болбойт", - деген Зокиров.

2020-жылы 1-майда Өзбекстандын Сырдарыя облусундагы Сардаба суу сактагычындагы жарылуудан алты адам каза болуп, 70 миңге жакын адам эвакуацияланган. Казакстандын Өзбекстанга жакын Түркстан облусуна ондогон адам эвакуацияланган. Ошондой эле Түркстан облусунун Мактаарал районунда кеминде беш калктуу конуш жабыркаган. Расмий маалыматтар боюнча 2 570 жеке жана 76 көп кабаттуу үй талкаланып, 7000 гектар эгин аянтын суу жууп кеткен. 300гө жакын бодо мал өлгөн.

XS
SM
MD
LG