Ссылки доступа

Казакстан Сенаты Биринчи президенттин күнүн мамлекеттик майрамдардын тизмесинен чыгарды


Казакстандын Сенаты Биринчи президенттин күнүн мамлекеттик майрамдардын тизмесинен чыгарды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар кабарлашты.

Документ президент Касым-Жомарт Токаевдин кол коюусуна жөнөтүлдү.

Мыйзамда Биринчи президенттин күнү мамлекеттик майрамдардын тизмесинен чыгарылгандан кийин Мамлекеттик белгилердин күнү сыяктуу "коомдук маанидеги дата" катары калары белгиленген. Мындан тышкары мыйзам менен 25-октябрь - Республика күнү калыбына келтирилип, ага улуттук майрам макамы берилди. Ал эми 16-декабрь - Эгемендик күнү мамлекеттик майрамдардын катарына кошулду.

2011-жылдын 10-декабрында парламент "Майрамдар жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизип, 1-декабрды Биринчи президенттин күнү деп бекиткен. Депутаттар мындай чечимди өлкөнүн ошол кездеги президенти Нурсултан Назарбаевдин "мамлекетке кылган кызматын көрсөтүү үчүн" кабыл алышканын айтышкан.

25-октябрда белгиленип келген Республика күнү 2009-жылы майрамдардын тизмесинен чыгарылган.

Бүгүнкү күндө 16-17-декабрь күндөрү белгиленген Казакстандын Эгемендик күнү улуттук майрам болуп эсептелет.

16-сентябрда Казакстан парламентинин депутаттары өлкө Конституциясына сунушталган өзгөртүүлөрдү дароо эки окууда кабыл алышкан. Бул чечими менен алар баш калаага Астана деген аталышын кайтаруу жана президенттик ыйгарым укуктардын мөөнөтүн бир жолку жети жылдык мөөнөт менен чектөө демилгелерин колдогон. Документ буга чейин бул сунуштарды колдой турганын айткан президент Касым-Жомарт Токаевдин кол коюусуна жөнөтүлгөн.

Сентябрдын башында Токаев быйыл күзүндө өлкөдө кезексиз президенттик шайлоо өткөрүүнү сунуштаган. Анда мамлекет башчысы өз ыйгарым укуктарын кыскартып, алдыдагы шайлоого катышарын айткан.

Ошондой эле сентябрдын башында Токаевди жактаган эл өкүлдөрүнөн турган "Жаңы Казакстан" тобунун депутаттары борбор шаарга Астана деген аталышын кайтарууну сунуштаган.

Астананы Нур-Султан деп өзгөртүүнү 2019-жылы мартта Токаев президенттик кызматка киришип жатып өзү сунуштаган.

XS
SM
MD
LG