Ссылки доступа

Казакстандын борбору кайра Астана деп өзгөртүлдү


Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев борбор шаарды кайрадан Астана деп өзгөртүү жөнүндө Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөргө кол койду. Муну менен шаардын ысымы алтынчы жолу өзгөрүүдө.

Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча Токаев кол койгон өзгөртүүлөр мындан сырткары президенттик мөнөттү беш жылдан жети жылга чейин узартып, бир мөөнөткө гана шайлоону да камтыйт. Өткөн жума күнү өзгөртүүлөрдү өлкөнүн парламенти колдоп берген.

Астана шаары 2019-жылы мартта өлкөнүн биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин урматына Нур-Султан деп өзгөртүлгөн. Мындай сунушту Касым-Жомарт Токаев президенттик ишине киришип жатканда берген. Көптөгөн жашоочулар жаңы ысымды кабыл алган эмес. Алар макулдашылбаган митингге чыгышып, борбор калаанын мурдагы атын кайтарууну талап кылышкан.

Сентябрь айынын башында казак парламентинин төмөнкү палатасынын “Жаңы Казакстан” тобу Казакстандын борбору Нур-Султан шаарынын атын кайра Астана деп өзгөртүүнү сунуштаган. “Адам тирүү кезде шаарды анын ысымы менен атоо туура эмес деп ойлойбуз. Анын үстүнө эл да жаңы аталышты кабыл алган жок”, - деп белгилешкен депутаттар.

Казакстандын борбор калаасы 1830-жылы конуш катары негизделген учурда Акмолинск деп аталган. 1961-жылы анын аталышы Целиноград деп өзгөртүлгөн. 1992-1998-жылдары Акмола деп аталган. 1997-жылдын декабрында Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин сунушу менен борбор Алматы шаарынан Акмолага көчүрүлүп, 1998-жылы Астана деп аталган.

XS
SM
MD
LG