Ссылки доступа

Талибдер Мазари-Шарифке чейинки темир жолду тейлөө үчүн казак компаниясы менен келишим түздү


"Талибан‎" кыймылы казакстандык Mansour Fatih компаниясы менен Хайратон – Мазари-Шариф темир жолун тейлөө боюнча келишимге кол койду. Бул тууралуу Tolonews телеканалы билдирди.

Хайратон – Мазари-Шариф темир жолу Өзбекстанды Ооганстандын чондугу боюнча төртүнчү орунда турган шаары менен байланыштырат. Буга чейин темир жолду өзбекстандык "Согдиана Транс" компаниясы тейлеп келген.

2011-жылдагы келишимге ылайык, "Согдиана Транс" Хайратон шаарына жакын 22 чакырым жолду тейлөө үчүн жылына 15 млн доллар алып турган. Казакстандык Mansour Fatih компаниясы 106 чакырым жолду 4,1 млн долларга тейлейт.

Натыйжада, талибдер мурдагыдан беш эсе узун темир жолду тейлөөгө үч эсе аз каражат төлөп калат.

2020-жылы Хайратондун четинде "Согдиана Транс" компаниясынын кызматкеринин автоунаасына кол салуу болгон. Кызматкерди коштоп бараткан ооган аскери мерт болуп, Өзбекстан жараны жаракат алган.

XS
SM
MD
LG