Ссылки доступа

Түркия Украинанын инфраструктурасын калыбына келтирүүгө катышат


Украинанын инфраструктура министри Александр Кубраков менен Түркиянын соода министри Мехмет Муш согуштан кийин Украинаны калыбына келтирүүгө түрк тараптын катышуусу каралган өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу украин президентинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, меморандумга Украинанын президенти Владимир Зеленский менен Түркиянын лидери Режеп Тайип Эрдогандын Львов шаарындагы сүйлөшүүсүнүн алкагында кол коюлду.

"Түркия – биздин стратегиялык өнөктөшүбүз. Орусия талкалаган инфраструктураны калыбына келтирүүдө кызматташууга даярдыгын билдиргени үчүн түрк өнөктөштөргө ыраазыбыз. Түрк бизнеси жолдорду жана көпүрөлөрдү курууда чоң тажрыйбага ээ. Алар Запорожье жана Кременчуг көпүрөлөрүн салып, өздөрүн ишенимүү өнөктөш катары көрсөтүшкөн. Ошондуктан жакында инфраструктураны биргелешип калыбына келтирүүдө конкреттүү жыйынтыктарга жетишебиз деген ойдобуз", – деди Кубраков.

Алгачкы долбоор катары Буча жана Ирпень шаарларын Киев менен байланыштырган Романовка айылындагы көпүрөнү калыбына келтирүү каралууда.

Жакынкы убакта украин-түрк биргелешкен жумушчу тобу түзүлүп, түрк инвестициясын калыбына келтирүү боюнча конкреттүү долбоорлорго тартуунун механизмдери иштелип чыгат.

Түрк президентинин Украинага келиши – Анкаранын чоң колдоосун көрсөтүп турганын белгилеген Зеленский Эрдоган менен эгинди украин порттору аркылуу чыгаруу демилгесин жакшыртуу, Запорожье АЭСиндеги абал, Москванын "өзөктүк шантажы", "Орусиянын буудай уурдоосу" жана коргонуу тармагында кызматташуу маселелерин талкуулаганын айтты.

Зеленский менен Эрдоган Львов шаарында сүйлөшүү өткөргөндөн кийин БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту. 40 мүнөткө созулган жолугуунун жүрүшүндө тараптар азык-түлүк келишимин, Запорожье АЭСинин айланасындагы кырдаалды жана аскердик кызматташтыкты талкуулашты.

XS
SM
MD
LG