Ссылки доступа

Түркия Сириянын түндүгүндө аскердик жортуул жасоого даярданууда


Архивдик сүрөт
Архивдик сүрөт

Түркия президенти Режеп Эрдоган Аделеттүүлүк жана өнүгүү партиясынын жыйынында Сириянын түндүгүндө Сириянын элдик коргонуу кошуундарына каршы аскердик операция баштоого даяр экенин билдирди. Анкара муну террордук уюм деп эсептейт.

Бул тууралуу 1-июнда Hürriyet гезити жазды.

Элдик коргонуу кошууну - басымдуу бөлүгү күрддөрдөн куралган сириялык аскердик уюм. Алар Сириянын түндүк-чыгышынын негизги бөлүгүн көзөмөлдөйт. Бул бөлүк Батыш өлкөлөрүнүн колдоосу менен “Ислам мамлекети” тобуна каршы күрөшкөн. Эрдогон аларга каршы операцияны Түркия менен Сириянын ортосунда 30 чакырымдык буфердик зона түзүү боюнча жаңы баскыч деп атады.

Анкара Сириянын элдик коргонуу кошууну Күрд жумушчу партиясы менен байланышта деп эсептейт. Бул уюм Түркияда күрд автономиясын түзүүнү талап кылып келет жана дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө террордук уюм деп таанылган. Бирок Батыш колдогон Сириянын демократиялык күчтөрү (буга Сириянын элдик коргонуу кошууну да кирет) Түркия кол салса, күрд кошуундары террорчуларга эмес, түрк армиясына назарын буруп каларын эскертти.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Түркияны жаңы аскердик операциядан карманууга үндөдү.

Анкара 2016-жылдан бери Сирияда төрт жолу аскердик жортуул жасап, өлкөнүн түндүк аймагын көзөмөлдөйт. Түркия күрд кошуундарын сүрүп чыгарып, 30 чакырымдык буфердик зонага сириялык качкындарды жайгаштырууну пландоодо.

XS
SM
MD
LG