Ссылки доступа

СССРдин акыркы башчысы Михаил Горбачёв көз жумду


СССРдин биринчи жана акыркы президенти Михаил Горбачёв 91 жашында көз жумду. Бул тууралуу Орусиянын бир катар мамлекеттик маалымат каражаттары Москвадагы борбордук клиникалык ооруканага шилтеме кылып кабарлашты.

“РИА Новости” жаңылыктар агенттиги Горбачёв узакка созулган оорудан улам каза болгонун жазды.

Михаил Горбачёв CCCРди жетектеп турганда “кансыз согуш” токтоп, Ооганстандан советтик аскерлер чыгарылган. Коммунисттик партия жетектөөчү жана багыттоочу ролунан баш тарткан.

Горбачев 1989-жылы Чыгыш Европада демократиячыл кыймылдардын нааразылыгы кулач жайган кезде митингчилерге каршы күч колдонуудан карманган. Ал СССРдеги ачыктык жана реформаларга багытталган айкындык жана кайра куруу саясатынын демилгечиси болгон.

1990-жылы Горбачевго Нобелдин тынчтык сыйлыгы ыйгарылган.

Орусияда СССРдин кыйрашы үчүн Горбачёвду күнөөлөгөндөр да бар. Мурдагы советтик лидер өз маектеринде бир катар каталарды кетиргенин моюнуна алып, СССРде реформаларды бир канча убакыт мурда башташ керек болчу деген пикирин айткан.

XS
SM
MD
LG