Ссылки доступа

Казакстанда референдум өттү деп табылды (видео)


Казакстанда 5-июнда конституциялык боюнча референдум өттү. Шайлоочулар Негизги мыйзамдагы 56 өзгөртүүгө добуш беришти.

Саат 22:00дөгү маалыматка ылайык, жекшембидеги референдумда республика боюнча шайлоочулардын 68,44 пайызы добуш берди. Казак мыйзамдарына ылайык, бардык шайлоочулардын 50 пайыздан ашыгы катышкан референдум өттү деп эсептелет.

Шайлоочулардын активдүүлүгү Түркстан (80,66%), Кызыл-Ордо (79,89) жана Чыгыш Казакстан (77,49%) жана Караганды (77,39%) облустарында байкалды.

Казакстандын бардык аймактарынын ичинен референдумга Алматы шаарындагы шайлоочулар эң аз катышты. Казакстандын эң ири шаарында жалпы шайлоочулардын 33,3 пайызы гана добуш берди. Нур-Султанда добуш берүүчүлөр 57,06% түздү.

Баардыгы болуп референдумга 8 030 739 киши катышты.

Шайлоочуларга 56 өзгөртүү жана толуктоодон турган мыйзам топтомуна добуш берүү сунушталды: бюллетенде болсо “ооба” жана “жок” деген жообу менен бир гана суроо болду.

Көз карандысыз байкоочулар референдум бир катар мыйзам бузуулар менен коштолуп жатканын билдиришти. Жаш шайлоочулар лигасынын байкоочулары документи жок адамдарга референдумга катышууга уруксат берилген, жакын туугандары үчүн бюллетень алган жана бюллетендерди топ-тобу менен урнага таштаган учурларды каттады.

Президент Касым-Жомарт Токаев жаңы мыйзам анын бийлигин чектей турганын билдирүүдө. Анын айтымында, конституциялык өзгөртүүлөр январда болгон окуялардын кайра кайталанышынын алдын алат.

Конституцияга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр менен толуктоолор колдо тапса, Конституциялык сот кайра калыбына келтирилет. Баш мыйзамдан биринчи президент Нурсултан Назарбаев жөнүндөгү бардык сөздөр алынат.

Казакстанда президентке жана бир катар жогорку кызмат адамдарына саясий партиянын мүчөсү болууга тыюу салынат; Мамлекет башчысынын тууган-уругуна жогорку саясий кызматтарды ээлөөгө болбойт; Мажлистин бир бөлүгү бир мандаттуу округдардан шайланып келет; өлкөдө өлүм жазасына тыюу салынат.

Маалыматтарга караганда, Назарбаев өзү да референдумга катышты. Башаламандыктардан кийин анын жакындары кызматтан алынып, бир нечеси камалган.

Көз карандысыз байкоочулар жана оппозиция шайлоочуларга конституциялык өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен таанышууга убакыт берилбегенин эскертишүүдө. Активисттер президентти добуш берүүнүн мөөнөтүн жылдырууга чакырышкан. Көптөгөн эксперттер жаңы документти 2024-жылга белгиленген президенттик шайлоого даярдык көрүү катары кабыл алышууда.

XS
SM
MD
LG