Ссылки доступа

Түндүк Кореяда бир суткада COVID-19 жуктурган 167 миң жаңы учур катталды


Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын коомчулук алдына алгачкы жолу беткап тагынып чыкты
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын коомчулук алдына алгачкы жолу беткап тагынып чыкты

Түндүк Кореяда бир сутканын ичинде COVID-19 жуктурган 167 650 жаңы учур катталып, бир бейтап каза болду. Бул тууралуу өлкөнүн Борбордук телеграф агенттиги Өзгөчө кырдаалдар боюнча улуттук башкармалыкка шилтеме кылып кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, бийлик расмий түрдө "безгек" деп атап жаткан бул илдетке апрелдин башынан бери 2,8 миллион киши чалдыгып, 68 бейтап каза болду.

Майдын башында Пхеньян өлкөдө COVID-19дун биринчи учуру катталганын билдирген. Буга байланыштуу Түндүк Кореяда чукул абал киргизилип, карантин жарыяланган. Өлкө лидери Ким Чен Ын вирустун жайылышын токтотуу тапшырмасын берип, кризис жөнгө салынарын убада кылган.

Буга чейин расмий Пхеньян пандемияда COVID-19дун бир да учуру катталбаганын билдирип келген. Бийлик буга чек араларды толук жабуу жардам бергенин айткан. Жетекчилик атүгүл эл аралык долбоордун алкагында вакцина алуудан баш тарткан.

Коронавирус аныкталганы тууралуу билдирүүдөн кийин Түштүк Корея, Кытай жана АКШ Түндүк Кореяга кайрадан вакцина сунушташты. Азырынча Пхеньян бул сунушка жооп бере элек.

XS
SM
MD
LG