Президенттин Жалал-Абаддагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев 12-августта Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорунун алкагында Кытайдан келген адистер менен жолукту.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин саламаттыгы күн сайын начарлап жатат. Бул тууралуу "Азаттыкка" анын адвокаты Замир Жоошев билдирди.
2022-жылдын декабрь айында орус мунайын Европага ташууга тыюу салуу санкциясы күчүнө киргенден кийин Орусияда мунай өндүрүү 20% кыскарат. Азыр Орусия Украинага кол салганга чейинкиге караганда күнүнө 3% гана аз мунай өндүрүүдө.
12-августта Нур-Султанда Борбор Азиядагы эң ири мечит ачылды. Аны өлкөнүн мурунку президенти Нурсултан Назарбаев ачты.
Москвада сот тажикстандык эки жаран тарабынан метродо полициячыларга кол салуу иши боюнча өкүм чыгарды. Окуя быйыл 17-февралда “Тульская” станциясында болгон.
ЕККУнун демократиялык институттар жана адам укуктары бюросу Өзбекстанга Конституицияны өзгөртүү боюнча референумга байкоо жүргүзүү үчүн чектелген миссиясын жөнөтүүнү сунуштады.
Оролдо ишкерди өлтүрүүгө шектелген 21 жаштагы Турлан Амангелди менен 31 жаштагы Руслан Кожантаев эки айга тергөө изоляторуна камалды. 11-августта тергөө соту аларды камоо жөнүндө чечим чыгарган.
Чөлкөмдөгү ЖМКлар бул материалдарды логотибин сактоо менен бекер колдоно алышат. Директ топтомунан да видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө
Казакстандын Ratel.kz маалымат агенттиги Роскомнадзор орусиялыктардын Украинадагы согушка карата мамилеси жөнүндө макаласын өчүрүүнү талап кылганын билдирди.
Казакстандын Караганды облусунун Саран шаарынын соту танк-эстеликке Z белгисин койгон адамды жети суткага камады. Бул тууралуу “Азаттыктын” казак кызматы жазды.
Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан V Ислам Шериктештиги Оюндарында кыргызстандык балбандар Эрназар Акматалиев жана Айсулуу Тыныбекова алтын байгенин ээси болушту.
Түркмөнстандын өкмөттүк «Түркмөнпортал» басылмасынын билдиришинче, Өзбекстанда түркмөн инвестициясынын катышуусунда 174 ишкана түзүлдү.
Загрузить еще
No media source currently available