Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев Арыстагы жарылууга байланыштуу мурдагы коргоо министри Сакен Жасузаковду жазалап, анын Куралдуу күчтөрдүн катарынан чыгарды. Жасузаков 2016-2018-жылдары Казакстандын коргоо министри болгон.
Анжиян облусунун Избаскан районунда фермерлер бир гектер жер үчүн 30 000 сум ($3,5) төлөөгө милдеттендирилди. Акча аймактын экспорт боюнча планын толтурууга жумшалат.
ММКлар бул маалыматтарды каалагандай колдоно алышат. Каалоочуларга видеотасмалардын түп нускасын да жиберебиз. Директ топтомунан дагы керек болгон видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.
Пентагон «Ислам мамлекети» террордук тобунун кайрадан күч алуу коркунучу бар экенин билдирди. Бул тууралуу Пентагондун башкы тескөөчүсү Гленн Файндын баяндамасында жазылган.
Самаркандда кымбат баалуу Malibu-2 жана Captiva үлгүсүндөгү унаа ээлери 23-30-август күндөрү «Шарк тароналари» музыкалык фестивалына келген меймандарды бекер тейлешет. Тиешелүү документке облус башчысы 22-июлда кол койгон.
Тажикстандын баш калаасындагы бардык райондордо мектеп формаларын жана окуу куралдарын саткан атайын жарманкелер ишин баштады.
Түркмөнстанда 27-сентябрда белгилене турган өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнө карата даярдыктар башталды. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматы кабарлады.
7-августта бир нече киши Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Нур-Султандагы өкүлчүлүгүнүн алдына чогулуп, казак укук коргоочулары тарабынан саясий туткун деп табылган камактагы адамдарды бошотууну талап кылышты.
Солтон-Сары алтын кениндеги кытай-кыргыз «Zhong Ji Mining Company» тоо-кен компаниясынын иши убактылуу токтотулду. Бул тууралуу 7-августта вице-премьер-министр Кубатбек Бороновго таянып өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.
5-августта Самаркандда ташкенттик 33 жаштагы блогер Отабек Жураев токмоктолду. Ал шаарга шылуундарга 250 миллион сум (28 миң доллар) алдаткан жергиликтүү тургундун кайрылуусу боюнча барган.
БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен Билим берүү министрлиги ашпозчуларды азык-түлүк менен иштөөгө үйрөткөн атайын окуудан өткөрдү.
Загрузить еще