Маалымат кызматынын билдирүүсүндө, Индиянын жардамы мурда түзүлгөн келишимдин алкагында ишке ашып жатат. Жабдуу БУУнун тынчтык орнотуучу миссиясына кошула турган кыргыз аскерлерин даярдоодо колдонулат.
Кыргызстан менен Индиянын Куралдуу күчтөрү аскердик адистерди даярдоо, аскердик техникалык жардам жана машыгууларды өткөрүү алакаларын улантмакчы.