Ссылки доступа

Франция Аблязовду Орусияга өткөрүп берүүгө макул болду


Бул тууралуу Аблязовдун адвокатына шилтеме берип чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты. Казакстандагы БТА банктын мурдагы башчысы Мухтар Аблязовду Орусияга экстрадициялоо боюнча жарлыкка Франциянын премьер-министри Мануэл Вальс 17-сентябрда кол койгон.

Өткөн аптада француз бийликтеринин бул чечими Аблязовдун өзүнө тааныштырылды.

Бирок Аблязов бул чечим боюнча өлкөнүн Башкы кеңешине доо арыз менен кайрылганы жатканын анын адвокаты билдирди.

Мухтар Аблязов 2013-жылдын жайынан бери Франциянын түштүгүндө абакта камалып жатат. Казакстандын жана Украинанын бийликтери расмий Парижге кайрылып аны өткөрүп берүүнү суранышкан. Мекенинде Аблязов БТА банктан алты миллиард доллар уурдаган деп шектелүүдө. Ал эми Орусия жана Украинада ага каржылык көз боемочулуктарды жүргүзгөн деген айыптар тагылууда.

Аблязов жана анын адвокаттары бул айыптардын бардыгын четке кагып келишет.

XS
SM
MD
LG