Ссылки доступа

Өзбекстанда элдер терилген пахтаны кайра жармаштырып чыгышты


Өзбекстандын Фергана өрөөнүнүн жетекчилиги элдерди терилген пахтаны кайра ордуна жармаштырууга мажбурлаган. Аны менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү премьер-министр Шавкат Мирзияевди тосуп алууга даярдык көрүшкөндүгү маалымдалат.

Алар өкмөт башчысына пахтанын мол түшүмү менен мактангысы келишкен. Бирок, Фергана өрөөнүнүн жетекчилигинин максаты ишке ашпай калды. Шавкат Мирзияв Ферганага келген жок.

Жергиликтүү ММК өкмөт башчысын күтүп райондордун жолдору тез арада оңдолуп, көчөлөр тазаланып, талаада сыйкырдуу жол менен пахта пайда болуп калгандыгын кабарлайт.

Буга чейин дагы Өзбекстанга жогорку жетекчиликти тосуп алууга даярдыктар кызуу жүрүп, ага жергиликтүү тургундар тартылып келген. Март айында президент Ислам Каримовдун Наманганга сапарынын алдында, облус жетекчилиги тургундарды үйлөрүнүн чатырларын кызыл түскө боеп, дарактарга гүлдөрдү жармаштырууга мажбурлаган.

XS
SM
MD
LG