Ссылки доступа

Казакстанда жергиликтүү органдардын өз полициясы болот


Казакстанда жергиликтүү башкаруу органдарына өз полициясын түзүүгө уруксат берилди. Бул тууралуу мыйзамды Казакстандын мажилисинин депутаттары кабыл алышты.

“Жергиликтүү полиция кызматынын иши жөнүндөгү айрым мыйзамдарга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү” мыйзамын бүгүн кабыл алынгандыгын казак маалымат кызматтары жарыялашты.

Ага ылайык жергиликтүү полиция өзүн-өзү башкаруу органдарына жоопту болот. Алар тартип, коомдук коопсуздукту камсыздоо, административдик укук бузууларды жана кылмыш иштеринин сотко чейинки тергөө иштерин жүргүзөт.

XS
SM
MD
LG