Ссылки доступа

Дүйшөмбүдө тажик-кыргыз чек арасы жөнүндө сүйлөшүүлөр башталды


Бүгүн Дүйшөмбүдө чек ара маселеси боюнча кыргыз-тажик комиссиясынын отуруму өтүп жатат. Тажикстандын өкүлдөрүн вице-премьер Азим Иброхим, Кыргызстан тарапты вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев жетектөөдө.

Комиссиянын жыйыны 23-октябрга чейин уланат. Отурумда Тажикстандын Согди облусу менен Кыргызстандын Баткен облусундагы чек арадагы жолдордун жана көпүрөлөрдүн курулушу талкууланат.

Кыргыз-тажик 976 километрлик чегинин 504 километри аныкталган. Кыргызстан тарап чек араны 1989-жылкы, Тажикстан 1924-жылкы карта менен аныктоону талап кылып келет. 2006-жылдан бери эки өлкө бул маселе боюнча бир бүтүмгө келе албай жатат.

Кыргызстан Тажикстандын 2.5 миң гектар жерине доомат артууда. Дүйшөмбү Советтик мезгилинде Тажикстан келишимге ылайык Кыргызстанга 143 миң гектар жайытын жана айыл чарба жерин ижара бергендигин айтат.

XS
SM
MD
LG